Журналисттер коргоп чыкканы үчүн Ак үйдөгү гардеробдо иштеген Орунай Мамытова жумуштан алынбай турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, Мамытовага анын жетекчиси келип, аны иш учурунда гардеробдон кетип калганы үчүн урушуп, кызматтан кетирүү менен коркутуп коюшу мүмкүн. "Орунай Мамытова жумуштан бошотулбайт. Учурда ал өз ордунда иштеп жатат", - дешти мекемеден.
Айта кетсек, кечээ, 26-декабрда КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков: "Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинен чыгып, күрмөмдү алайын деп барсам, өзүн өзү тейлөө режимине өтүп кетишиптир!"- деп Фейсбуктагы баракчасына жазган.
О.Мамытова буга төмөнкүдөй жооп берген: "Мен суукка карабай эртеден кечке чейин гардеробдо отурам. Айлыгым 6300 сом. Кечээ "кийимиңиздерди кирип алып кетсеңиздер" деген жазууну калтырып, дааратканага чыгып кетсем, бир чоң киши буга нааразы болуп интернетке жазып салыптыр. Эми мени жумуштан кетирүү боюнча акт түзүлүп жатат".