Жалал-Абад жана Нарын облустарын байланыштырган Казарман-Ак-Тал-Чат-Нарын унаа жолу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казарман-Ак-Тал-Чат-Нарын унаа жолунун 44-45 жана 67-94-чакырымдарындагы Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган.
"Транспорт министрлигинин кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги артиллериялык куралдарды колдонуу менен кар көчкүлөрүн түшүрүү аракетин баштайт. Мындан улам Кара-Көө ашуусу убактылуу жабылат. Кар көчкүнү атып түшүрүү 27-29-декабрь күндөрү жүргүзүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.