Индияда 236 түгөй бир учурда үйлөнүү тоюн өткөрдү. Кайрымдуулук максатта өткөн үлпөт тойду кымбат баалуу таштар менен соода жүргүзгөн индиялык Махеш Савани аттуу ишкер уюштурган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарда ишкер салтанаттуу иш-чараны ата-энеси же аземди өткөрүүгө каражаты жок кыздар үчүн уюштурганы айтылат.
Савани 2008-жылдан бери 600дөн ашуун кызды турмуш жолуна аттанткан. Ал эми жогорудагы үлпөт тойду өткөрүүгө 1 миллион доллардан ашуун акча сарптаган.