Баткен облусунда Жаңы жыл майрамында 400дөн ашуун тартип сакчылары коомдук коопсуздукту сакташат

Баткенде Жаңы жыл майрамында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Маалым болгондой, Жаңы жыл алдындагы майрамдык эс алуу күндөрү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу аракети жанданат. Террордук актылардын жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу каралат. Тажик жана Өзбек Республикалары менен чектеш аймактарда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, мектеп окуучуларынын, мекеме-ишканалардын майрамдык салтанаттарын өткөрүү учурунда пиротехникалык жана өрт коопсуздугун сактоо сыяктуу иштердин алдын алуу аракети көрүлөт.

"Майрам күндөрү коомдук жайларда, базарларда, маданий-эс алуучу жайларда, автобекеттерде жана эл көп топтолуучу башка жерлерде көзөмөлдү күчөтүү иштери жүрөт. Жаңы жыл күндөрү 430 милиция, 200дөн ашуун элдик кошуундун ыктыярчылары коопсуздукту камсыздашат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан