Жаңы жыл майрамына карата энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу 28-декабрда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы маалымдады.
31-декабрдан 3-январга чейин жана 7-8-январь күндөрү тармактын жумушчулары оңдоо иштерин жүргүзбөйт, андыктан убактылуу свет өчүрүүлөр болбойт. Бирок авариялык өчүрүүлөр болбойт деген кепилдик жок. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жерлерде ыкчам чара көрүүгө атайын топтор даярдалып, энергетикалык ишканаларды кайтаруу күчөтүлүп жатканы айтылды. Ошондой эле байланыш каналдарынын абалы да текшерилүүдө.
Кыскасы, өлкө жашоочуларынын Жаңы жыл майрамын жарык үйдөн тосуусуна даярдык көрүлүп жатканы белгилүү болду. Ага карабай Жаңы жыл күнү свет өчүп калган айылдар жыл сайын эле болот.