Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылындагы бала бакчанын тарбиялануучуларына берилген белектерге ата-энелер нааразы. Бул тууралуу окурман бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бала бакчага барган балдарыбызга өкмөт белек жасап берет деп 300 сомдон чогултушкан. Өкмөттүн берген белектерине ата-энелердин баары нааразы болуп, кимге арызданууну билбей жатышат. Бир үй-бүлөдөн үчөө баргандар да кыйналып таап беришкен", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.