Америкалык "Forbes" журналы Кыргыз өлкөсүн 2017-жылдагы бюджеттик багыттагы эң мыкты өлкөлөрдүн катарына киргизди

Америкалык каржы-экономикалык "Forbes" журналы Кыргыз өлкөсүн 2017-жылдагы эң мыкты бюджеттик багыттагы туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту. Тизмеде 17 өлкөдөгү 21 багыт көрсөтүлгөн.

Басылма Кыргыз жергесинин 93 пайызын тоолор ээлей тургандыгын, тарыхы жана маданияты бай экендигин жазган. Бишкек Улуу Жибек жолунан мураска калган калаа катары Борбор Азияны иликтөө үчүн эң мыкты борбор деп белгиленген.

Журнал капчыгы чектелүү туристтер үчүн Кыргыз өлкөсүн эң ыңгайлуу өлкө катары жазган. "Шаарда мейманкана үчүн бир түнгө болгону 15 доллар төлөөгө болот. Жакшы тамактануунун баасы 2 доллардан башталат. Атүгүл салттуу боз үйдө калып, эки маал тамактануу бир киши үчүн болгону 20 долларды түзөт", - деп жазылат журналда.

Тизмеде мындан тышкары Португалия, Түштүк Корея, Румыния, Түштүк Африка, Греция, Филиппин, Австралия, Тринидад жана Тобаго, Словакия, Грузия, Лаос, Египет, Боливия, Юта штаты, Гватемала, Белиз жана Гондурас бар.

Буга чейин "National Geographic", "Financial Times", "The Guardian" жана "Business Insider" өлкөбүздү 2016-жылы туристтер бара турчу эң ыңгайлуу өлкө экенин жазышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nur1k
2016-12-30 21:28:45
Оле Оле Оле Оле мелочь а приятно)
0
baiyshvip
2016-12-30 21:35:32
Жакшы жанылык Туристтердин келип турганы кандай жакшы мамлекетке дагы Жана элге дагы ошончолук киреше алып келишет!Форбес журналы жазып жатса Кыргызстаным которулуп бара жатыпбыз жакшыле!!!
+14
scorp
2016-12-30 22:01:49
baiyshvip,туура жаздыныз форбс журналына анча мынча мамлекеттер жазыла бербейм)))
+6
Bolunbo.kyrgyz
2016-12-30 22:24:49
Ай ушу жайлоого баргым жок кун жаайт уйдун ...торуна тайып жыгылмай беттерин жарылып суук же батпайсын жатсан кымыз ичсе ич ооруп же мага жакпайбы
-12
Lion.
2016-12-30 23:12:57
Bolunbo.kyrgyz,бокко тайган жери магада жакпайт атак калганы ьаары сонун, тан атпай 5-те туруп уй саадырып, торпок айдап, бээлерди чогултуп келип саап, булактан суу ташып, койлорду эшек минип алып чогултуп кечинде балдар чогулуп акчолмок ойноп ээх Қырғызстан мен сени суйом!!!
+5
bekmaral
2016-12-31 00:46:53
Lion.,Создорунузду иреттеп сапка тизсе ыр болчудай экен.
0
saat1200
2016-12-31 08:25:53
Bolunbo.kyrgyz, Мышык майга жетбептир...
+3
engel
2016-12-30 21:51:01
En mykty emes en arzan dep aitty go janylyktardan. Bizdin olkodo kununo 5$ dan 10$ ga cheyin korotup es alsa bolot eken
+10
scorp
2016-12-30 22:00:31
Аябай жагымдуу жанылык экен супер инфо рахмат сиздерге)))
+1
Aishoola
2016-12-30 22:43:27
"Ынгайлуу" деп келишкен туристтердин келишинин санынын осуусу бара-бара мамлекеттик кирешенин кобойуусуно алып келет,бул жакшы. Башкысы биз меймандостугубузду, кен -пейилдигибизди корсотуп, баалуулуктарыбызды баалап-барктап, жоготуп албасак.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан