
Мындан 48 жыл мурун, 1969-жылы 1-январда "Сениби, шашпа!” мультфильминин эң биринчи бөлүгү эфирге чыккан. Анын режиссёру
Вячеслав Котёночкин, сценарийин жазгандар
Феликс Камов, Аркадий Хайт, Александр Курляндский, композитору
Виктор Бабушкин, ал эми үндөрүн коштогондор
Клара Румянова (Коён),
Анатолий Папанов (Карышкыр), ошондой эле
Генадий Хазанов, Владимир Сошальский жана башкалар болушкан.
Тартуучу топ ишке киришкен соң, 1986-жылга чейин мультфильмдин 1-16-бөлүмдөрү тартылган.
Папановдун өлүмүнөн кийин мультфильмди тартууну токтотууну чечишкен, себеби Карышкырдын кайталангыс образын ал адамдан башка эч ким жарата алмак эмес. Бирок үн жазуучу студиянын архивинде Папановдун үнү жазылып калган. Монтаждын жардамы менен сөздөрдөн сүйлөм курап отуруп дагы эки бөлүм тартууга мүмкүнчүлүк пайда болуп, 1994-жылы 17-бөлүм, 1995-жылы 18-бөлүм жарык көргөн.
Акыркы 19-20-бөлүмдөрдү жаратуу да планда болгон эмес. 2005-жылы режиссёр Вячеслав Котёночкиндин уулу Алексей “Кристмас Филмз” компаниясынын жардамы менен популярдуу мультсериалдын уландысын тартууну чечкен. Мында Карышкырдын үнү менен белгилүү пародист Игорь Христенко сүйлөсө, Коёнду Ольга Зверева аткарган.
2012-жылдын 1-сентябрынан тарта Орусияда "Сениби, шашпа!" мультфильмин кичинекей балдарга көрсөтүүгө тыюу салынган. Ага башкы каармандын терс мүнөздөрү себеп болгон.