Боинг 747 учагы кулаган жерден экинчи "кара куту" табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Чүй облусунун Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы изилдөө-куткаруу иштеринин алкагында экинчи "кара куту" табылды", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 16-январда кырсык болгон жерден биринчи "кара куту"
табылган. Аларды изилдөө бүгүн келчү Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин адистерине тапшырылат.