Чүй облусунун Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында Боинг 747 учагы авиакырсыкка учураган жайдан 16-январда табылган “кара куту” учак техникасынын фрагменти экендиги аныкталды. Бул тууралуу 18-январда өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Ал эми кечээ, 17-январда издеп-куткаруу иштеринин жүрүшүндө учактын алгачкы “кара кутусу” табылган.
"Аталган "кара кутунун" маалыматтарын Эл аралык авиациялык комитеттин адистери талдоого алышат, алар өлкөгө кечээ келишкен", - деп айтылат маалыматта.