Кочкор районунда бычактан жараат алган окуучунун абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына райондук оорукананын башкы дарыгери Туратбек Жумабеков билдирди.
"Бизге жабыркаган бала 19-январь күнү саат 21:00 чамасында келип түшкөн. Ал ичине бычактан жараат алган. Ошол эле күнү ага операция жасалган. Учурда анын абалы туруктуу. Ал эми каза тапкан бала окуя болгон жерден кансырап жан берген", - деди Жумабеков.
Айта кетсек, мушташкан балдар Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары болушкан. Мушташтын кесепетинен 2000-жылы туулган З. уулу Ж. каза болуп, 2000-жылы туулган Т. уулу А. ооруканага жаткырылган.