Мектептердин 5 күндүк окуу жумасына өтүүсү мугалимдердин жумушунун көлөмүнө таасир этпейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республика боюнча 2218 орто билим берүүчү мектеп иштесе, 252си гимназия, лицейлер.
"2016-2017 окуу жылынын жарымынан тарта бардык мектептердин башталгыч класстары 5 күндүк окуу жумасына өтүшөт. 1-класстар 20, 2-класстар 22, 3-класстар 24, 4-класстар 25 сааттан окушат. Физиологиялык жана психологиялык көрсөткүчтөр боюнча бул класстардын окуучулар күнүнө 4-5 саат окушу керек", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары 5-күндүк окуу тартибине жумасына 30 сааттан ашпаган жүктөм менен окугандар өтүшкөн.
"Гимназия жана лицей багыты менен окуткан билим берүү мекемелери 6 күндүк окуу тартиби менен иштөөнү улантышат. 5 күндүк окуу жумасына өтүү педагогикалык жүктөмдүн көлөмүнө таасирин бербейт. Себеби, бекитилген окуу планга ылайык, окуу сааттарынын өлчөмү кыскарбайт", - деп айтылат маалыматта.