Бүгүн, 24-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Чүй облустук соту 2010-жылы июнь айында өлкөнүн түштүк аймагында орун алган кандуу окуяларга жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмү боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу чечим чыгарды. Чечим боюнча Базар-Коргон райондук сотунун Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды. Нааразычылык иретинде соттолуучу ачкачылык жарыялаганын билдирди. Ал эми анын жактоочусу Төлөйкан Исмаилова өлкөдөгү сот системин “чөнтөк сот” атап, тийиштүү инстанцияга доо арыз менен кайрыла тургандыктарын айтты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылдын 21-апрелинде Азимжан Аскаровдун арызын карап, аны бошотуу жана өкүмдү жокко чыгаруу сунушун жиберген. БУУнун аталган комитетинин эксперттери "Азимжан Аскаров мыйзамсыз түрдө кармалган, укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорго кабылган жана ал адамга сотто өзүн актоого, коргоого тиешелүү мүмкүнчүлүк түзүлүп берилген эмес" деген чечимге келишкен. Көз карандысыз 18 эксперттен турган БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровду айыптоо процессинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын бир нече беренелери бузулган деп эсептешет. Кыргыз Республикасы аталган келишимге кол койгон өлкөлөрдүн бири.
Азимжан Аскаров боюнча Чүй облустук соту 10-январда эле так бүгүнкүдөй чечимди чыгарышы мүмкүн болчу, бирок соттук коллегия 17-январга чейин кеңешмеге кеткен. Бир жумалык тайм-аутту жаңы Баш мыйзамдын күчүнө кирүүсүн күтүү катары түшүнүүгө мүмкүн болчу. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын 41-беренесинин 2-пункту боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык адам укуктарын коргоочу органдарга кайрылууга укуктуу болчу. Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдар жарандын укугу бузулган деп тапса, Кыргыз Республикасы аны калыбына келтирүү, зыяндын ордун толтуруу чараларын көрмөк. Ал эми 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституцияда бул норма алынып салынды. Жаңы Баш мыйзам үстүбүздөгү жылдын 15-январында күчүнө кирди.
Азимжан Аскаров Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине арыздануу менен учурдагы бийликке Баш мыйзамды өзгөртүүгө абдан ыңгайлуу кырдаалды түзүп берди. “Эл аралык уюмдар өлкөнүн көз карандысыздыгына коркунуч келтирип жатышат” деген ураан менен башталган бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракети ийгиликтүү аяктады. Бирок бул норманын алынып салынышы келечекте акыйкаттык издеген ар бир жаранга, анын ичинде учурда бийликте отурган адамдарга да залалын тийгизиши мүмкүн. Анткени өлкө бийликке баш ийбей өз алдынча иштей турган акыйкат сот системин түптөй элек. Бир жыл, беш жыл, он жылдан кийин кандай бийлик келерин, ал кандай режимди орноторун эч ким билбейт...
Ош облусунун Араван районунда эки мектептин окуучулары мушташып, 3 окуучу бычак жаракаты менен ооруканага түштү. Кылмышка шектелип 4 окуучу камакка алынды. Дал ушундай эле окуя бир нече күн мурун Кочкор районунда да орун алган. Анда мектеп окуучуларынын мушташы бир баланын өлүмү, дагы бир окуучунун ооруканага түшүүсү менен аяктаган.
2015-жылдын сентябрь айында Бишкектеги №38-мектеп-гимназиясы менен Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин окуучулары мушташып, 4 окуучу бычактан, 2 окуучу ур-соккудан жаракат алып ооруканага кайрылышкан эле. Олимпиадачылар мектебинин 50гө чукул окуучусу бир айдан кийин бул мушташка жооп кылып №38-мектеп-гимназияга темир арматура, жыгач союлдар менен бастырып кирип, айнектерди талкалап, 5 окуучуну токмоктоп кетишкен. Мектеп окуучулары ачык эле бастырып кирип экинчи мектепти талкалап, адамдарды сабап кеткенде Билим берүү жана илим министрлиги менен ИИМ тийиштүү чара көрбөгөндүгүн бүгүнкү окуялар ачыктап жатат. ИИМ SUPER.KG порталына республика боюнча өспүрүмдөр менен иштөөчү канча инспектору бардыгын айтуудан баш тартып, “бул сан сыр тутулат” дешти. Мектеп партасынан чыга элек балдар бычакташып өлүп, дагы бирлери камалып жатканда андай “сырларга” орун барбы? ИИМ ачык-айкын маалымат бербесе, коомчулук менен ММКлар аралашпаса буга окшогон маселелер качан чечилет?..
16-январь күнү эртең менен “Манас” аба майданына коно албай жанындагы айылга кулаган Боинг 747-400 учагындагы жүк Стамбулга түшүрүлмөк, анын кимге таандык экендигин комиссия жарыя кылбайт. Мындай маалыматты бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясынын жетекчиси Леонид Каширский билдирди. Эксперт кырсыктын себептери иликтенип жаткандыгын, азырынча кайсы бир версияга токтолуу мүмкүн эместигин айтат.
Боинг эмне үчүн “Манаска” конмок болгондугу тууралуу маалымат ошентип үч ирет өзгөрдү. Кырсык болгон күнү биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учакка май куюу үчүн конмок болушканын билдирген. Учактын ээси болгон "ACT Airlines" ("MyСargо" авиакомпаниясынын мурунку аталышы) бул маалыматты төгүндөп, “Боинг борттогу жүктү Бишкекке калтыруу үчүн конмок. Күйүүчү май жетиштүү болчу” деп билдирген. Түркиялык компаниянын бул билдирүүсүнөн кийин Жогорку Кеңеш жүктүн ээси ким эле, ал эмне үчүн унчукпайт жатат, же аткезчилик менен келе жаткан товар беле деген маселе көтөргөн. Кыйраган учак телефон, планшет өңдүү электрондук товарларды алып келе жатканы белгилүү болгон эле. Атүгүл ал товарларды колдонуу боюнча кыргыз тилинде жазылган нускамалар табылып, “жүк Бишкекке түшүрүлмөк” деген маалыматты бекемдеген. Мындан улам Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, учурда иликтөө жүргүзүүдө. Кийинчерээк түркиялык авиакомпаниянын жетекчисинин орун басары Хамза Тыглай Бишкекке келип, “Кыйраган учак “Манас” аба майданынан май куюп, экипажды алмаштырыш керек болчу. Жүк Бишкекке эмес, Стамбулга түшүрүлмөк” деп Транспорт жана жолдор министрлигине түшүндүрмө берди. Жүк тууралуу маалыматтын улам өзгөртүлүп жатышы "Бул аткезчилик жол менен келе жаткан жүк беле?" деген суроону күчөтүүдө...