Түркиянын вице-премьерине жергиликтүү ЖМКлар кыргыз-түрк мамилесине доо келтирип жатышканы айтылды

Кечээ, 24-январда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Түркиянын вице-премьери Тургул Түркеш менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 25-январда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта гана эмес, коопсуздук тармагындагы кыргыз-түрк мамилелери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү маалым болду. Элчи акыркы убактарда түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз жарандарынын теракттарга катыштыгы бар тууралуу далилсиз жана тастыкталбаган маалыматтар чыгып жатканын айтты. Ибрагим Жунусов бул абал эки өлкөнүн достук мамилелерине доо келтирип жатканын, тиешелүү басылмаларга тастыкталбаган маалыматты төгүндөө талабы менен кат жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Мындан сырткары жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун башка багыттарын да сүйлөшүшкөнү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chikeusenov
2017-01-25 16:25:40
молодец ибрагим байке кыргызга куйгон адамдардан болду башкалары озун ойлошот
+9
ATLETICO
2017-01-25 16:32:23
Во Ибра бро, ачылып алыптырго. Молодец, ошентип достукту бекемдей бериниз, Москвадагы элчилерге окшоп акчанын аркасынан тушуп албай. Озу ушу Москвадагы элчиликееда Ибра братдай бир элчи керекда. Мен иштерим менен канча кайрылдым буларга, опщум жардам беришпеди.
+5
naz2015
2017-01-25 17:34:15
молодец
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан