ЖЫЛНААМА, 26-ЯНВАРЬ: Мындан 517 жыл мурун азыркы Бразилия европалык саякатчы тарабынан ачылган

Испаниялык деңиз саякатчысы Висенте Яньес Пинсон 1499-жылы Түштүк Американын жээгин көздөй бет алган. 1500-жылы 26-январда анын кемеси бороонго калып, азыркы Бразилиядагы Пернамбуку штатынын жээгине барып калган. Жээкке түшкөн Пинсон жана анын кишилери 2 күн бою жергиликтүү жашоочуларды көргөн эмес. Бразилия жергесине Испания падышалыгынын атынан бир нече крест орнотуп, башкарууга өткөн. Пинсон Амазонка, Гвиана жээгин, Ориноко суусун жана Тобаго аралын изилдеп чыккан. Бирок ал ачкан жерлер, Тордесил келишимине ылайык, Испаниянын аймагына кирген эмес.

1505-жылы Пинсон Пуэрто-Рико шаарынын губернатору болуп дайындалган. 1508-жылы кайрадан деңизге чыккан. 1523-жылдан кийин ал тууралуу так маалымат жок. Галапагосс архипелагындагы аралга анын жана агасынын урматына ысымы ыйгарылган.
Ал эми франциялык окумуштуулар Жан Кузен аттуу франциялык жарандын кемесин 1488-жылы бороон Бразилиянын жээгине чыгарып койгонун айтышат. Кээ бир бразилиялык тарыхчылар португалиялык деңиз саякатчылары 1494-жылдан тарта жашыруун келип турушканын жазышат.
Белгилей кетсек, Бразилияда дүйнөнүн жаңы 7 кереметинин бири - Ыйса пайгамбардын айкели орун алган. Ал Рио-де-Жанейро шаарындагы Корковаду тоосунда жайгашып, шаардын жана өлкөнүн белгиси болуп эсептелет. Ошондой эле Бразилия дүйнө жүзүнө кооз карнавалдары менен белгилүү.
26-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан