СУПЕРСТАН: "Биз, кыргыздар, чыдамкай жана өжөр калкпыз"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызымдын башкаларга үлгү болчу сапаттары" деген тема талкууга алынды.

Темадагы автордун суроосу: "Биз орустарды чынчыл деп коёбуз, немистерди пунктуалдуу дейбиз, дагы башка улуттардын жакшы сапаттарын айтып өзүбүзгө үлгү кылабыз. Суроо: Башка улуттар кыргыздардын кайсы сапатын өздөрүнө үлгү кылса болот?"

Жазылган жооптордон:

"Биз чыдамкай жана өжөр калкпыз. Бат адаптация болобуз, башка улуттар бизди "универсал" болосуңар деп көп айтышат. Бат үйрөнүп, көнүп кетебиз, кандай шарттар болсо да. Меймандоспуз, куулук көп колубуздан келбейт".

"Меймандостугубуздун айынан канча залал жедик, балким, бул жаман сапатыбыздыр?"
"Кыргыздар чыдамкай келишет. Акыркы кездерде кандай кыйынчылык болсо да чыдап, амалын таап жашаганга үйрөндүк. Мигранттар бирөөнүн жеринде кара жумушту деле чыдап жасап, ур-токмогун жегендер деле чыдап, алдангандар да сабыр кылып дегендей".
"Эң сонун сапатыбыз бар. Бир нерсе жакпаса, аны тез эле алмаштырып, жагабы, жакпайбы, президенттерди кууп, башкасын коюп алабыз. Кайсы мамлекет аз убакыттын ичинде төрт өлкө башчы алмаштырды?"
"Достукка бекем калкпыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
arzygulR
2017-01-29 12:43:37
Эээх бизге соз жок да баардык жактан барбыз)
+1
Patriotkgz93
2017-01-29 13:27:02
Көңүл бошпуз 120 кой козу позусу койчуманы м.н агаротко кирип баар жокту жеп булгап еше карызга батырып үйдөгү мал байлыкты алтын зергерлерди тонналап алып чыгып кетсе да унчукпайбыз
+16
arzygulR
2017-01-30 00:58:23
Patriotkgz93,
Даа точно
0
Ramzan1982
2017-01-29 15:49:32
Ушул кунго чейин мына менмин деген Кыргызды корбодум сойкуларды жок кылып берген урук тукуму менен куураткан качаан ушуларды жок кылабыз анан баары ордуна келет Кудахаласа кырсыктын баары ушулардын кесепети уруп атпайбы откондо коментте жазып койуптур либой баладан сурасан каерде точка бар экенин корсотуп берет дейт бул деген акмакчылык ойлонолу Кыргызым
0
Seiil.94
2017-01-29 16:12:00
Кыргызым койдой жоош кен пейил сабырдуу элбиз
+5
Shekeev969798
2017-01-29 16:59:25
Бизге азыр МАНАС керек!!!
0
Targarien
2017-01-29 18:08:58
Сен кыйын сенден откон мен кыйын озум билем отугумду торго илем деген калкпыз ынтымак жок да ынтымак
+3
Gyiwak
2017-01-29 20:22:37
момунбуз, унчукпай жүрө беребиз, чыдам кеткенде баарын талкалап салабыз го чиркин
0
Ananai
2017-01-30 11:45:17
Эми билдинерби?Бул нерселер эчак эле белгилуу болгон.Меймандос жоош момун болуп журуп бардык нерседен кур калып кетпейли анан туугандар.Биз да соседдерге окшоп хитрыйлыкты уйронушубуз керек.Добрый калксынар десе эле дардандап кетип баарын берип салбай...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан