Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2017-жылдын 4-февралынан 8-февралына чейин артиллериялык курал менен кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – премьер-министрдин 2017-жылдын 3-февралында №2-буйрутмасы чыккан.
2017-жылдын 4-февралында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жогорудагы иш-чараларды аткаруу үчүн саат 07:00дө жолго чыгып кеткени маалым болду.