Баткенде 2025-жылга чейин 30 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөт

Баткен облусу быйыл жаңы жерлерди өздөштүрүү аракетин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жыл ичинде бир катар ички чарбалык каналдар курулуп, тазаланмакчы. Алардын катарында 2 миллион сомго Кожо-Бакырган-Сай дарыясына Лейлек суу сактагычын куруу пландаштырылууда. Мында 2,5 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Быйыл облус аймагында таза суу көйгөйү чечилет. Ал эми калган чарбалык курулуштар этап-этап менен жүргүзүлмөкчү.

"2017-жыл ичинде Кара-Кыштак каналы, Кадамжай районундагы Молдо Нияз каналын куруу пландалып жатат. Ошондой эле Баткен районундагы Сох дарыясынан суу алуучу Теке-Секирик каналынын 50 чакырымы казылып, пайдаланууга берилет. Буга 2 миллион сомдон ашуун каражат сарпталат. Жыйынтыгында 16 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Жалпысынан облус аймагында 2025-жылга чейин 30 168 гектар жаны жер өздөштүрүлүп, ага 28 миллиард 390 миллион сом чет элдик долбоор жана насыялардын эсебинен жумшалат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 17-январда басма сөз кызматы "Баткен облусунда таза суу көйгөйүн чечүүгө 28 миллиард сом жумшалат" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet_adi
2017-02-09 12:50:47
Оозунарга май
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан