Изилдөөчүлөр: "Селфиге" өзүн сүйгөндөр гана түшпөйт"

Байыркы грек окуясы боюнча Нарцисс аттуу суу Кудайынын баласы узакка жашашы үчүн өзүнүн элесин көрбөшү керек болчу. Ал келишимдүү болгондуктан, баары сүйүшкөн. Бирок Нарцисс бирине да көңүлүн бурган эмес. Бир күнү мергенге чыккан Нарцисс өз элесин суудан көрүп, сүйүп калат. Өзүнөн өзү көзүн ала албай жатып, суу жээгинде каза болот.

Учурда "селфиге" түшүүнүн сүйүүчүлөрүн да "нарцисс" деп атап калышты. Селфиге түшкөн адамдарды өзүн сүйгөн, өзүнөн таасирленген адам катары карап коюу оңой. Ал эми жаңы изилдөө өзүн сүрөткө тарткандардын баары андай эмес экенин көрсөткөн. Изилдөө "Visual Communication Quarterly" журналынын сайтына жайгаштырылган.

Изилдөөчүлөр "селфиге" түшкөндөр 3 категорияга бөлүнүшөрүн аныкташкан: коммуникаторлор, публицисттер жана автобиографисттер.

"Селфиге" түшкөндөрдүн баары өзүн сүйгөндөр эмес экенин моюнубузга алышыбыз керек", - дейт изилдөөчүлөрдүн бири, Бригам Янг университетинин аспиранты Стивен Холидей.

Экспериментте окумуштуулар 46 катышуучуну (75 пайызы аялдар) алар үчүн жазылган 50 ой менен макул же макул эместигин белгилөөнү өтүнүшкөн. Ал ойлордун баары "Мен селфиге түшүп, бөлүшкөнүмдүн себеби ..." деп башталат. Мисалы, "мен "селфиге" түшүп аны менен бөлүшөм, себеби эл менин келбетим менен суктанышын каалайм" же "мен "селфиге" түшүп аны менен бөлүшөм, себеби өзүмдүн жашоом менен бөлүшкүм келет" деген ойлор жазылган.

Коммуникаторлор

Бул категорияга кирген адамдар биринчи кезекте "сүйлөшүү" үчүн селфиге түшүп, сүрөттөрү менен бөлүшүшөт. Алар сүрөттөрүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонушат. Мындай адамдар селфи аркылуу өз ара сүйлөшө алышарына ишенип, бул ыкма жаңы жана кызыктуу деген ойдо болушарын аныкташкан.

Публицисттер

Публицисттер категориясындагылар селфини коммуникаторлордой эле окуяны жана ордун көрсөтүү үчүн колдонушат. Бирок публицисттер өзүнүн беделин да көзөмөлдөгөнү менен айырмаланышат. Мисалы, алар өзүлөрүнүн келбетин жакшы деп эсептешкенде сүрөткө түшүшөт. Публицисттер сүрөттү сөз баштоо үчүн же башкалар менен байланыш түзүү үчүн жарыялашпайт.

Ошондой эле публицисттер өзүлөрүн башка адамдардан өзгөчө көрүшөт.

Автобиографисттер

Ал эми автобиографисттер селфини өзүлөрүн хроникада сакташ үчүн колдонушары аныкталган. Алар башынан өткөргөн окуяларды эстеп жүрүү үчүн селфиге түшүшөт. Автобиографисттер коммуникатор жана публицисттерден айырмаланып, өзүлөрүн дүйнөгө ким экенин көрсөтүү үчүн, өзүлөрүн кабыл алууну үйрөнүү үчүн сүрөт жүктөшөт. Окумуштуулардын айтымында, мындай адамдар селфини өзүн таануу үчүн колдонушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Hadyja
2017-02-15 15:31:00
Селфиге такыр тушпогондор ким болду экен??
0
Tyty1990
2017-02-15 15:37:47
Hadyja,мен бир да селфиге тушо элекмин
+4
Migrant-rf
2017-02-15 16:12:04
Туура айтыптыр, озунун паркын кетирип, ар канай маскарапос болуп суротко тушкондор оздорун сыйлабагандарда).
+2
arzygulR
2017-02-15 17:21:59
Селфи десе эле укмуш тушот го кээбирлер
0
bond02
2017-02-16 09:50:35
Эч жактырбайм ушул нерсени.
0
Sezimka27
2017-02-17 01:01:55
мага жагат суротко тушкон
0
Argenbai
2017-02-24 15:17:10
Селфи оору деп уктум эле бир дагы селфиге түшкүм келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан