КҮНСЕРЕП: Өкмөттүн 37 миллион доллар карыз боюнча акыркы үмүтү Путинде

Бүгүн, 16-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Үстүбүздөгү айдын соңунда Орусия президенти Владимир Путин Борбор Азиянын бир нече өлкөлөрүнө турне жасамакчы. Анын алкагында Путин Кыргыз өлкөсүнө келерин Кремлдин басма сөз кызматы ырастаган. Орусия лидери Алмазбек Атамбаев менен эмнелерди талкуулайт? Саясий серепчилер Путиндин Кыргыз өлкөсүнө иш сапарынан соң бийлик президенттикке өз талапкерин жарыялайт деп жоромолдошууда. Кремлдин "батасын" талапкерлер кандай колдонушары 2010-2011-жылдардагы шайлоолордон улам белгилүү. Албетте, Москванын, Казакстандын колдоосуна ээ болууга башка талапкерлер да аракет кылышат. Бирок бийликтин талапкеринде бул жагынан мүмкүнчүлүк жогору болот. Бүгүн парламент жыйынында социал-демократ Төрөбай Зулпукаров КСДПга "талапкер чыгарбаш керек, мураскер калтырбаш керек" деген түшүнүк таңууланып жатканына нааразы болду. Социал-демократтарды бул маселе тынчсыздандырууда. Буга чейин Чыныбай Турсунбеков дагы КСДП алып чыккан талапкерди Атамбаевдин мураскери катары карабоого чакырган. Бирок бийликтин атынан чыккан талапкерге "мураскер" атагынан арылуу кыйын болот.

Бүгүнкү күндө Москва менен Бишкектин мамилесин бир аз суутуп, чырга айлануу абалында турган маселе - бул “РусГидро” компаниясынын Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга короткон 37 миллион доллары. Кыргыз тарап аталган курулуш аймагына чын эле 37 миллион доллар коротулганына ишенбей, баалар рынок баасынан ашыкча көтөрүлүп көрсөтүлгөн деген позицияда турат. Орусия тарап эл аралык аудит өткөрүүгө кызыкдар эмес, келишим шарты боюнча иштешүүдөн баш тарткан тарап коротулган акчаны кайтарып берүүсү зарыл. Азыркы тапта Кыргыз өкмөтүнүн “РусГидро” компаниясы менен карыз тууралуу сүйлөшүүсү жыйынтык бербей жатат. Ишкана келишим шарттары аткарылбаса сот аркылуу маселени чечишерин кулак кагыш кылган. Өкмөт эмне кылышты билбей башы маң. 2 күн мурун 14-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда бул маселе көтөрүлгөн. Депутаттар эмнеге Кыргыз тарап аталган долбоор боюнча көз карандысыз аудит жүргүздүрбөй жатканына кызыгышты. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев Орус тарап анын жыйынтыгын кабыл албай коюшу мүмкүн дейт. Башкача айтканда, 1 миллион доллардын тегерегинде каражат коротуп өткөргөн аудит жыйынтыгын Орусия кааласа кабыл албай коёт дейт. Келишим түзүлүп жатканда мындай жагдайлар эмнеликтен эске алынбагандыгы түшүнүксүз, айтор, өкмөт чарасыз абалда алакан жаюуда. Вице-премьер-министр Олег Панкратов эгер тараптар өз ара түшүнүшүүгө келсе, аудитти өткөрүү зарылчылыгы жоюларын билдирди. Демек, Кыргыз өкмөтүнүн 37 миллион долларлык карыз маселесин чечүү боюнча акыркы үмүтү Путинде...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутаты Ирина Карамушкина жарандык активист Руслан Бекназаровду "7-Апрель окуясынан курман болгондорду табалаган, Ош окуяларында адам өлтүрүүгө тиешеси бар" деп айыптады. Мындан тышкары депутат "Руслан Бекназаров конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, муниципалдык кызматкерлерди мыйзамга баш ийбөөгө чакырып жатат" деп, коомдук ишмерди диний радикалдык уюмдардын мүчөсү болушу мүмкүн деп шек санап, өкмөткө муну териштирүүнү тапшырды. Ошондой эле Р.Бекназаровду колдогон мамлекеттик кызматкерлерге жана студенттерге мыйзамга ылайык, чара көрүүнү суранды Карамушкина. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу эмнеликтен эл өкүлүнүн каарына калды эле? Өткөн аптада Ирина Карамушкина мамлекеттик кызматкерлер аптанын бешинчи күндөрү түштө иш убактысында ордунда жок болушары тууралуу шайлоочулардан түшкөн даттануулар бар экенин айткан эле. Бул кырдаалды териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү да сунуштаган. Мындай билдирүүдөн кийин социалдык түйүндөрдө Карамушкинанын дарегине катуу сындар айтылып, жарандык активист Руслан Бекназаров аны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоону баштаган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында кол топтоо аркылуу депутатты отставкага кетирүү мүмкүн эмес, депутаттын мандаты башка мамлекеттин жарандыгын алганда, каза болгондо же болбосо өз каалоосу менен арыз жазганда гана алынат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Ал эми Жогорку Кеңештин депутатын мазактаган, жаманатты кылган, анын депутаттык иши жөнүндө бурмаланган маалымат тараткан адам мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат деп мыйзамда жазылган. Карамушкина ошол укуктарына таянуу менен, Бекназаровдун баласына эле эмес, кол топтоого катышкан бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге, атүгүл мамлекеттик окуу жайларда билим алып жаткан студенттерге да чара көрүүнү тапшырды. Буга чейинки окуялардын мисалында карасак, Карамушкинанын парламенттин трибунасында туруп айткан тапшырмалары кыйшаюусуз аткарылат деп күтүүгө болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан