Депутат: "Мени мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоп жаткан Руслан Бекназаровдун Ош окуяларында адам өлтүрүүгө тиешеси бар"

"Мени мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоп жаткан Руслан Бекназаровдун Ош окуяларында адам өлтүрүүгө тиешеси бар", - деди бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина.

"Мен депутат катары элдин атынан сүйлөөгө укугум бар. Мен мамлекеттик кызматта иштеп, мыйзамга баш ийем. Бүгүнкү күндө Руслан Бекназаров аттуу жаран мени мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоп жатат. Ал 7-Апрель окуясынан курман болгондорду табалаган жана анын Ош окуяларында адам өлтүрүүгө тиешеси бар. Эгер мени мандаттан ажыратуу үчүн кол койгондордун арасында мамлекеттик ишмерлер, студенттер болсо, аларга мыйзамга ылайык чара көрүлсүн", - деп кайрылды өкмөттүн өкүлүнө Карамушкина.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Ирина Карамушкина мамлекеттик кызматкерлер аптанын бешинчи күндөрү жума намазга кетип жатканын, иш убактысында ордунда жок кызматкерлер боюнча шайлоочулардан түшкөн даттануулар бар экенин айткан эле. Бул кырдаалды териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү да сунуштаган. Мындай билдирүүдөн кийин социалдык түйүндөрдө Карамушкинанын дарегине катуу сындар айтылып, активист Руслан Бекназаров аны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоону баштаган.

Депутат: "Р.Бекназаровдун адам өлтүрүүгө тиешеси бар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан