Көптөгөн кыргыз жаштары эл-жер көрүүнү башкы максат кылып калышты. Бул, албетте, жакшы көрүнүш. Арасынан саякаттоо менен иштөөнү айкалыштыргандар да чыгат. Алардын бири Күлчоро Кадыралиев. Күлчоро грек компаниясынын круиздик кемесинде иштеп, бир нече өлкөгө барганга жетишкен.
"Алгач Түркияга бармакпыз. Жай айлары болчу, ошол кезде Туркияда теракттар көп болуп жаткан. Биз барган жерде кырсык болбосо экен деп бардык. Бактыга жараша кемеге түшүп кеттик. 24 сааттын 13 саатын иштечүбүз. Биринчи ай кечке бутта туруп иштеген оор болду, бирок бара-бара көнүп кеттик. Кемеде тартип күчтүү, ар бирибиздин өзүбүздүн милдеттерибиз бар болчу. Эрежени бир нече ирет бузган кызматкер кемеден кетирилчү", - дейт Күлчоро.
Кемеде 700-800дөй кызматкер эмгектенсе, арасында 5өө Кыргыз жарандары болгон.
"Кемеде филиппиндер, бразилиялыктар, кытайлар, украиндер, гректер жана кыргыздар эмгектендик. Көбү кыргыздарды таанышпайт экен. Кытайлар "силер СССР маалында эле түптөлдүңөр" дешти, биз "өзүңөрдүн тарых барактарыңарда биздин заманга чейин 3-кылымдарда кыргыздар тууралуу жазылган, демек, биздин эл андан жок дегенде, 2 кылым мурун бар болгон. Керек болсо силер бизден тарагансыңар" деп күлүп, жолуккан сайын аларга кытай тилинде "уулум" деп кайрылып тамашалап жаттык. Негизи кыргыз элинин тамашалары башка улуттарга орой сезилет экен. Кээ бири биздин тамашаларды түшүнбөй, түз кабыл алып, таарынып жатышты, бирок акыры аз болсок да, көндүрдүк окшойт. 5өөбүз болсок да, "кыргыз" деген атыбыз чыгып жатты, эми келе жаткан сапарга 30 кыргыз барат экен, кемени "басып" алабыз го", - деп күлдү Күлчоро.
Кыргыз тилин азыртадан үйрөнө бергиле, ал дүйнөлүк тил болот деп айтчубуз. Анда мага кыргыз тилинде кайсы улуттар сүйлөшөт?" деп сурашса, "кыргыз, кыргыз, кыргыз" деп санай берчүмүн. Бөлмөбүздө бразилиялык жигит жашап калды. Күндө эртең менен ага "тур!" деп кыргызча кыйкыра берип, акыры ал дагы бул сөздү жаттады. Кийин кайра бизди ушул сөз менен ойготуп калды. Аны менен аэропортто коштошуп жатсак, "кыргыз тилин үйрөнгүлө" деп кыйкырып, колун көтөрдү.
Афины.
Афины мага бай шаардай көрүнгөн жок. Сириядан келген качкындар көп болгондуктан, тилемчилер да көп. Мен курактуу качкын кызды көрдүм, боорум ооруду. Ал чынында жардамга муктаж экени көрүнүп турду, болгон жардамыбызды бердик.
Афины байыркы шаар болгондуктан, көчөлөрүндөгү илгерки курулуштар, айкелдер тосулуп турат. Көчөдө заманбап дүкөн турса, жанында эле байыркы курулуш тосулуп турган болот. Гректер алар менен сыймыктанып, өз тарыхын өзгөчө урматташат. Ошондой эле алардын ар бири грек экени менен сыймыктанат.
Бул эл соодага жакын болот экен. Дүкөнгө белек алганга кирип, бир топко соодалаштык. Акырында соодагер "түрктөрдөй болбочу" деди, көрсө алар түрктөрдү соодалашкан эл катары көрүшөт экен.
Марсель.
Францияны аябай кылмыштуу өлкө дешет, Марсель шаарын өзгөчө. Ал шаардын тургундарынын көпчүлүгү мигранттар. Французду көрүү кыйын, келгендин баары эле француз болуп алышат экен. Кылмыш көп делгени менен, мен жолуккан адамдардын баары эле меймандос, ачык келишти. Мисалы, бир жолу таксиге түшүп, барар жеримди айтсам, "бул жолго түшүп эле баса койсоң, 20 мүнөттө жетесиң" деди. Башка бирөө болсо акчаны көбүрөөк айтып, айлантып туруп жеткирип коймок (күлүп).
Негизи адам жаман ойлордон алыс болушу керек. Жаман ойлор коюуланып отуруп, чындыкка айланат. Ошондуктан мен көп жаман нерселерди ойлой бербейм.
Марселден бир дүкөнүнө кирип, сатуучулар менен сүйлөшө кеттим, "Кыргыз өлкөсүнөн келдим" десем, "Чыңгыз Айтматовдун мекени да" деп калышты. Аябай таң калдым. Мурун жазуучуну белгилүү дешсе, мынчалык деп ойлогон эмесмин, сыймыктанып кеттим. Сатуучулар Айтматовдун чыгармаларын санап да беришти.
Экваториалдык Гвинея, Малабо.
Экваториалдык Гвинеяга барганыбыз эсимде калды. Себеби көпкө чейин жер көрбөй калдык эле. Адам көпкө чейин жерди көрбөсө, психикалык жактан оор болот экен. Ошондуктан да, деңизде иштеген адамдардын кыжыры бат келет окшойт.
Экваториалдык Гвинеяны Африка континентинде жайгашкандыктан ал өлкөнү аябай эле жакыр элестеткем. Албетте, жакыр тургандар деле бар экен, бирок мунай иштетүү менен экономикасы жакшы эле өнүгүптүр, мен элестеткенчелик жакыр эмес экен. Эң таң калычтуусу, ал жакта азыр да кара сыйкырчылык менен алектенишерин уктук, бирок бизге колдонушат деп деле ойлобоптурбуз (күлүп). Мындан улам жергиликтүү тургундар ар кандай тумарлар менен сыйкырчылыктан сактанышарын байкадык.
Дагы эсте калганы деңизден бизди каракчылар кубалашты, албетте, корктук, бирок жеткирбей кеттик. Гибралтар кысыгынан адамдар Африкадан Европаны көздөй өздөрү жасаган кемелер менен сүзүп өтүшөт экен. Арасында чөгүп кеткендери көп болот деп айтып жатышты.
Ушул сүрөтүм мага өзгөчө жагат. Кесиптештериме "туугандарым менен тартып койгулачы" деп тамашалап гвинеялык балдар менен түшкөм.
"Бул ирет кайрадан эле ушул кемеге иштегени барам. Ал жактан келип Кыргыз жергесинде өз ишимди ачам. Саякатка чыгып жатканда, жаман ойлобой, жакшы ойлор менен чыгыш керек. Ойлор чындыкка айланат. Жакшы ниет болсо, жакшы адамдарга жолугуп, саякат да жагымдуу болот. Эң негизгиси чет өлкөгө чыгып жатканда бирөөнөн жардам күтпөй, өзүңө ишенишиң керек", - деп бүтүрдү өз сөзүн Күлчоро Кадыралиев.