Бүгүн, 2-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз өлкөсүнүн мектептеринде ыйман сабагы берилип башташы мүмкүн. Мындай сунушун бүгүн, 2-мартта парламент жыйынында депутат Махабат Мавлянова ("Республика - Ата Журт") билдирди. Анын айтымында, ыйман сабагын жумасына эки жолу өткөрүп турса болот. "Улуу муун эмес, жаш өспүрүмдөр ыйман сабагына суусап турат. Улуттук баалуулуктарыбызды жоготуп бараткандайбыз", - деп түшүндүрдү депутат. Эл өкүлүнүн мындай сунушу ата-энелердин балдарына ыйманга үйрөтүүгө, туура тарбия берүүгө убакыттын жоктугунун белгиси. Ыйман деген бул эмне? Бул адеп-ахлак, сый-урмат, жакшылык кылуу, ата-эне, туугандар, улууларды сыйлоо, жоопкерчиликке бекем болуу. Баланын ыймандуусу, ийгиликтүүсү эл ичинде алкышка татыктуу болуусу - бул ата-энеге байланыштуу. Ата-энелердин "мектеп баарын үйрөтөт" деп тим болгону да туура эмес. Бүгүнкү күндө өлкөдө 77 миң мугалим бар. Алардын 25 миңи турак жайга өтө муктаж. Мугалимдердин орточо айлыгы бүгүнкү күндө 9 миң сом, ал эми жаш мугалимдердин айлыгы бүгүн 6-7 миң сомдун тегерегинде. Эгер мектептердин окуу программасына ыйман сабагы киргизилсе, жумасына аны эки жолу берүү үчүн мугалимдер барышпайт. Ошол эле математика же кыргыз тили сабагынан берген мугалимдер кошумча төлөм үчүн ыйман сабагын беришет. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькованын айтымында, бүгүнкү күндө окуучулардын сөз байлыгы төмөндөөдө. "Балдар китепти аз окушат, жөнөкөй сөздөр аларга кыйынчылык түзүүдө", - дейт адис. Эгер мектептерде так илимдердин ордуна ыйман сабагына басым жасалса, окуучулар мектепте алган билимдин сапаты начарлайт деген коркунуч бар...
Президенттикке бийлик алып чыга турган талапкер Сапар Исаковбу? Коомчулук, айрыкча интернеттеги социалдык тармактарда бул суроо бир нече күндөн бери талкууда. Президенттик аппаратта кадрдык алмашуулар болуп, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "оң колум" деп атачу Сапар Исаковду президенттик аппараттын башчысы кылып дайындады. Ал эми аппаратты буга чейин жетектеп келе жаткан Фарид Ниязовду өзүнүн кеңешчиси кылып алды. Кызыгы, бул өзгөрүүлөр Орусия лидери Владимир Путиндин Бишкекке болгон бир нече сааттык иш сапарынан кийин эле коомчулукка жарыяланды. Путиндин ар бир кадамын, кыймыл-аракетин, сөзүн кызыгуу менен күзөтүп турган коомчулуктун көңүлүнө Орусия башчысынын Сапар Исаковду далыга таптап учурашкан жылуу мамилеси илинбей койгон жок. ММКлар бул учурашууну түз эфирде көрсөтүп жатышты. Андыктан, “демек, КСДП кимди талапкер катары алып чыгарын чечиптир... Болочок президентпи?..” деген өңдүү суроолор, жоромолдор ошол замат жаап баштады. КСДП көп жылдык тажрыйбасы бар партия. Анда Алмазбек Атамбаев менен катар бир топ таасирдүү, салмактуу саясатчылар бар. Алар ыңгайы келип турганда мамлекет башчы болуу мүмкүнчүлүгүн бул жаш, билимдүү кадрга бошотуп бере салышабы? Бул суроонун тегерегинде баш оорутуп жаткандар да жок эмес. Албетте, анын жаштыгы, эл аралык аренада топтогон тажрыйбасы, тааныш-катышы, ошондой эле буга чейин чуулгандуу иштерге аты илинбегендиги анын мүмкүнчүлүгүн жогорулатат...
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина кайрадан жарандардын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүн сындап, тескөөгө алуу керек деп чыкты. Бул ирет ал Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин интернетте жазып жаткан пикирлерине нааразычылыгын билдирди. Эл өкүлүнүн ою боюнча, парламентте иштеген кызматкерлерге жарандык позициясын жеке баракчаларында билдирүүгө болбойт экен. "Парламенттин аппаратында иштеген кызматкер “эртең Ак үйдүн жанында митинг болот, келгиле” деп жазып жатат. Эмне үчүн аларга чара көрбөйсүңөр?”, - деп ачууланды. Буга чейин Карамушкина активисттердин аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча кол топтоо аракетине нааразычылык билдирип, ким кол койсо, аларга чара көрүүнү талап кылган болчу. Андан мурун “интернетте президентти негативдүү формада жамандагандар көбөйдү, чара көргүлө”,- деп УКМКга кайрылган. Эл өкүлүнүн бул аракеттери көпчүлүктү, айрыкча укук коргоочулардын тынчын алууда. Эркин коомдо бардык көз-караш, пикирлерге орун болушу шарт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы дагы жарандарга эркин өмүр сүрүп, эркин ойлонууга, өз көз караштарын эркин айтууга укук берет. Карамушкина Баш мыйзамды бузуп, сөз эркиндигине чектөө койгусу барбы?..