Өзгөн районунда жолдор өзгөчө ыкма менен оңдолуп жатканын бүгүн, 7-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Өзгөн районунун жолдору өзгөчө ыкма менен жамалып жатат. Эртеси эле кайра баягы кейпине келет. Өлкөбүздүн бюджети ушунчалык тартышпы? Андай болсо жумушчуларды кыйнабай, оңдотпой эле коюшсун, баары бир пайдасы жок", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.