Коргоо министрлигинин Армиянын спорттук клубундагы аскерлери Москва шаарында өткөн кармаш-уруш боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышып келишти. Бул тууралуу Коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Илязбек Субанкулов бүгүн, 3-майда берген маалымат жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, аскер кызматкери, ефрейтор Исабек Жуматаев мелдеште 3-орунду камсыз кылып, коло медалга ээ болгон. Ошондой эле дагы бир аскер кызматкери, кенже сержант Субан Божоев 5-орунду камсыз кыла алган. Аталган мелдешке дүйнөнүн 42 өлкөсүнүн аскерлери катышкан. Ал эми жалпы командалык жыйынтыкты чыгарууда Кыргызстан курама командасы 3-орунга жетишкен.