Аксыдагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Терс айылына Чек ара кызматы уюлдук операторго антенна коюуга уруксат бербей жатканын окурман бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Айылда байланыш жок. Жакында уюлдук операторлордун бири антеннасын койгонго жай дайындап койгон. Чек ара кызматы "чек арага жакын" деп, уруксат бербей жатат. Антенна чек арадан 30 метр алыстыкта, Кыргыздын аймагында. Эгерде Өзбекстан болгондо, али уруксат берип коймок. Эл ошого абдан нааразы. Бир айыл чек ара кызматы уруксат бербесе, байланышы жок отура береби?" - деген суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.