Оштогу Шота Руставели менен Рыспай Абдыкадыров атындагы көчөлөрдүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктүн өңү өчүп, андан өткөн тургундарга кооптуу абал жаралууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлаган.
"Мектеп, бала бакча жакын болгон үчүн өтмөктөн эртең менен, кечинде көп адам өтөт. Жеке мен өтүп жатканда унаа сүзүп кетейин деп, жол бербейт. Себеби өтмөктүн өңү өчүп кеткен. Бул жол мэрияга карайбы, президентке карайбы, айтайын дегеним, жолго "мынча миллион доллар бөлүндү, оңдолду, түзөлдү" деп миллиондорду айтышат дагы, ушул өтмөктү сырдап коё алышпайт", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.