Кыргыз депутаттары президент Назарбаевдин сөзүнө комментарий берүүдөн качышууда

18-мартта КСДП фракциясынын депутаттары Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевдин Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев тууралуу айткан сөзү ирээнжиткенин билдиришти. Жогорку Кеӊештеги башка фракциялардын мүчөлөрү кандай пикирде? Депутаттарга кайрылсак, жооп айтуудан карманышты.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров "эки падышанын сөзүнө аралашпай эле коёлу" деген жооп узатса, "Бир болдун" депутаты Мыктыбек Абдылдаев: "Ал маалыматка биздин тиешебиз жок" деди. Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров президент Назарбаевдин айтканын укпаганын билдирип, комментарий бере албасын билдирди. "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын депутаттарынан жооп алууга мүмкүн болбоду.

Эске салскак, 16-мартта президент Нурсултан Назарбаев журналисттер менен жолугушууда казак-кыргыз мамилеси, 2010-жылы чек араларынын жабылуусу тууралуу Алмазбек Атамбаевдин "Евроньюска" берген маеги боюнча комментарий берген. Анда ал "2010-жылдагыдай окуя кайталанса чек араны дагы жаап коёбуз" деген пикирин айткан. Мамлекет башчы ар бир сөзүн терең ойлонуп сүйлөшү керектигин да кошумчалаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан