Садыр Жапаровдун агасын жана инисин милиция кармады

Мурунку депутат Садыр Жапаровдун бир туугандары Сабыр Жапаров менен Дөөлөтбек Жапаровду да милиция кармады. Муну 26-мартта SUPER.KG порталына Дөөлөтбек Жапаров өзү тастыктады. "Бизди да кармашты, азыркы учурда протокол толтуруп жатышат. Камакка алышат го, сыягы", - деген кыска жооп узатты.

Бишкекте 25-мартта мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылган. Бир тобун милиция кызматкерлери кармап кетишкен, арасында Жапаровдун кичүү баласы да бар.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров кечээ Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан