Президенттин өкүлү: "Садыр Жапаровдун атасына топурак салууга уруксат берүү президенттин да, өкмөттүн да карамагына кирбейт"

"Садыр Жапаровдун атасына топурак салууга уруксат берүү президенттин да, өкмөттүн да карамагына кирбейт", - деп бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирди.

"Бул жерде азыр тапшырма болду. Протоколдук тапшырма президенттин жана өкмөттүн аппаратына деген мааниде экен. Бул туура эмес болуп калат. Бул маселе президенттин да, өкмөттүн да карамагына кирбейт. Соттолгондорго кыска мөөнөткө чыгуунун тартиби түзөтүү мекемелеринин ички эрежелери менен аныкталат", - деди Абдылдаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов камакта отурган Садыр Жапаровго атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барып катышуусуна уруксат берүүсүн сураган болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан