ЭЛДИК КАБАР: Казакстанда таэквондо боюнча мелдеште кыргыз балдар чемпион аталышты

Казакстанда 20-23-марттарда таэквондонун GTF версиясы боюнча өткөн мелдеште кыргыз спортчулары чемпион аталышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.

"Бир туугандар Бийболсун менен Бекаман Момбековдор Казакстанда өткөн мелдеште, 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынып, өлкөбүздүн желегин желбиретишти. Ал эми 3-орунду Атахан Исираев аттуу 8 жаштагы мекендешибиз багындырды. Үчөөнүн тең машыктыруучусу Жорабек Мирзахмедов", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos777
2017-03-28 16:54:13
Алга Кыргыз!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан