Күндүн жылышы менен кооптуу аймактарда көчкүлөрдүн жүрүшү күч алып жатат. 26-март күнү Ош облусундагы Өзгөн районунун айылдарынын биринде жер көчкү жүрүп, бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсүнүн өмүрүн алып кетти. 28-март күнү болсо Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү жүрүп, жолдогу унааларды басып калган. Бул ирет 4 адам жан берди.
Өлкөбүздүн кайсы аймактарында көчкү жүрүү коркунучу бар экендигин “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санынан (№752, 31-март, 2017-жыл) картадан карап биле аласыз.