Аида Салянова Жаза аткаруу кызматынын төрагасынан Садыр Жапаровдун баласынын абалы тууралуу сурады

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровдон Садыр Жапаровдун баласынын абалы тууралуу сурады.

Бүгүн, 11-апрелде парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Садыр Жапаровдун иши каралып жатат.

ЖАМКнын төрагасы 25-мартта УКМКнын алдында өткөн митингде 12 адам менен бирге Рустам Жапаров да кармалганын белгилеп: "Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине коопсуздугу боюнча тапшырма берилген. Бирок алар эч кандай арыз муңун айткан эмес. Бүгүнкү күндө коопсуздугуна коркунуч жок", - деди.

Садыр Жапаровдун иши боюнча иликтөө тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү: "Прокуратуранын кызматкерлери сүйлөшүүгө барганда ал кан тамырларын өзү кескендигин айткан. Аны менен бир камерада отургандар боюнча иликтөө жүргүзүлгөн. Ал жерде "алдамчылык", "кызматтык кылмыш" беренелери менен кармалгандар отурган экен", - деди.

Депутаттар бул боюнча комитеттин көзөмөлүнө алуу тууралуу чечим кабыл алышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан