"Балдар дайынсыз жоголуп, изделүүдө". Мындай кабарлар акыркы учурда байма-бай катталууда. Маалыматтарга таянсак, жоголуп кеткен балдардын көпчүлүгү өздөрү үйүнөн качып кетишет. Бирок аларды ар кандай себептер менен уурдап кеткен, жоголгон балдардын жансыз денеси табылган фактылар да жок эмес. 2001-жылдан бүгүнкүгө чейин канча бала жоголгон жана жылына канча бала жоголуп турат, аларга кандай чара көрүлөт? Баланы жоготуп албоо үчүн эмне кылуу керек? Бул туурасында "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санынан (№754, 15-апрель, 2017-жыл) окуй аласыз.