2008-жылы өткөн Пекин олимпиадасындагы допинг колдонгон спортчуларды Эл аралык олимпиадалык комитет аныктап чыкты. Ушул жылдын апрель айында чыккан жыйынтыктын негизинде коло медаль 5-орунга татыган кыргыз балбаны Базар Базаргуруевге берилет. Спортчу: "Пекиндеги ар бир беттеш татаал өткөн. Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк берген кыргыз элине ыраазымын", - деди өз маегинде.
9 жылдан кийин ыйгарылган медаль жана мелдеш туурасында макаланы толугу менен "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санынан (№754, 15-апрель, 2017-жыл) окуй аласыз.