Бишкектеги Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги унаа кырсыгы боюнча мэрия билдирүү таратты.
Маалым болгондой, кырсыкка кабылган №199-маршруттук такси "Мейкин" уюмуна таандык, жетекчиси Кудайбергенов Мелис Абыканович. "Учурда аталган кырсык боюнча Бишкек ШИИББи тергөө амалдарын жүргүзүп, 2 аптанын ичинде тыянак чыгармакчы. Бул арада Транспорт жана жолдор министрлигине "Мейкин" уюмунун жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиясын кайтарып алуу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 16-апрелде саат 18:00дөр чамасында Бишкектеги Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги кырсыктын айрым күбөлөрү жол чырак кызыл күйгөн кезде №199-маршруттук таксинин айдоочусу токтобой жолун улантканын айтышкан. "15 жүргүнчүнүн арасынан 9 адам Травматология жана ортопедия илимий борборуна, Республикалык ооруканага жана Балдар ооруканасына 10 жаштагы бир бала жеткирилди", - дешкен дарыгерлер.