Кечээ, 16-апрелде Бишкектеги Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги кырсыктан 9 адам ооруканаларга жеткирилди. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынын өкүлү Болот Абдылдаев SUPER.KG порталына бүгүн, 17-апрелде кабарлады.
"15 жүргүнчүнүн арасынан 9 адам Травматология жана ортопедия илимий борборуна, Республикалык ооруканага жана Балдар ооруканасына 10 жаштагы бир бала жеткирилди", - деди Болот Абдылдаев.
Эскерте кетсек, кечээ, 16-апрелде саат 18:00дөр чамасындагы кырсыктын айрым күбөлөрү жол чырак кызыл күйгөн кезде №199-маршруттук таксинин айдоочусу токтобой жолун улантканын айтышкан.