17-апрелден 18-апрелге караган түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чкалов айылындагы Кара-Үңкүр дарыясындагы көпүрөнү суу толугу менен алып кетти. Бул тууралуу окурман бүгүн SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Көпүрө Чкалов айылын Базар-Коргон менен байланыштырып турчу", - деди окурман.
Эскерте кетсек, 16-апрелде окурман "Элдик кабарга" айылга жер көчүү коркунучу жаралып, көпүрө жараксыз абалга келгендиктен, көчүү оор болуп жатканын кабарлаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.