Бишкекте "Өспүрүм" аталышындагы рейддин алкагында дайынсыз жоголгон 5 бала табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Өспүрүм" аталышындагы рейд 25-апрелден 27-апрелге чейин жүргөн. Рейд маалында 8 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон жашы жете элек 5 өспүрүм табылган.
Ошондой эле рейддин алкагында, Бишкекте жайгашкан 127 интернет, компьютердик клубдар жана өспүрүмдөр топтошкон жайлар текшерилип, 65 жашы жете элек бала райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилген.