Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Алихан Кимсанбаев окуу жайдын тарыхында алгачкы жолу электромобиль жасап чыкты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Алихандын айтымында, унааны жасоого эки ай убакыт кеткен. Унаанын программалоо иштерин жана техникалык жабдууларын кураштырууну негизинен өзү аткарган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү материалдарды жана жабдууларды сатып алууга окуу жай тарабынан 280 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилгени айтылды.
Унаанын өзгөчөлүгү - электр энергиясы менен иштеши жана күн нурунан энергия алууга мүмкүнчүлүгү бар экени. Мындан ары электромобиль университетке келген конокторду окуу жайдын аймагын тааныштырууда колдонулары белгилүү болду.
Окуу жайдын ректору келечекте Алихан Кимсанбаевди Кытайдагы унаа заводуна жиберүүгө, тажырыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.