Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев энергетика министри Алтынбек Рысбековго диспетчердик кызматтарга жасалма интеллектти колдонууну сунуштады.
"Электр жарыгы өчкөн учурда эл эмне себептен өчкөнүн билүү үчүн диспетчерлерге чалат. Бирок эл массалык түрдө чалганда алар жооп бергенге жетишпейт. Буга байланыштуу жасалма интеллектти колдонсоңуз. Жасалма интеллект жарандардын кайрылууларына дароо жооп берип турат. Эл тынчсызданып чалган учурда эч ким жооп бербей койгону туура эмес",- деди төрага.