Кечээ, 20-октябрда Индонезияда 460 адам бараткан жүргүнчү ташуучу кемеден өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, KMP Batumandi кемеси Бакаухениден Мерак портуна бара жаткан. Өрт кеме портко жакындап калган учурда чыкты. Кемеден коюу кара түтүн көтөрүлүп, окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлгөн.
Кемедеги 420 жүргүнчү жана 40 экипаж мүчөсү толугу менен эвакуацияланып, кырсыктан каза болгондор жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.