ЭЛДИК КАБАР: Өзгөндөгү Жалпак-Таш айылында жер көчүп тургундар кооптуу абалда

Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жер көчүп жатканын окурман бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Эл кооптуу абалда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чатыр тигип беришти. 72 гектар жер аянтын жер көчкү басканы калды. Узундугу 500 метр. Адистер бийиктигин дагы деле аныктай албай жатышат", - дейт окурман.

Маалым болгондой, айылдын жашоочулары башка жакка көчүп жатышат. Кырсыктан улам жарык өчүп, таза суу жок болууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Adi8928
2017-04-27 10:14:51
Кудай сактасын
0
nurik11-29
2017-04-27 10:19:53
кудай сактасын))жуз жылда жер озгорот,элуу жылда эл озгорот ,деген кеп барго,жер озгоруу убагы келген окшойт!!
+3
KUDASH_brat
2017-04-27 10:40:47
Эми акция откоруш керек кочотторду отургузуу боюнча! Кочотторду окмот алып берсе эл отургузса бирок кыйбаса абдан жакшы болмок!
0
nargiz-sa
2017-04-27 13:59:00
KUDASH_brat,ал жерлердеги тал теректин тамырын кошо жулуп кетип жатат кочот отургузсан да жер кыртышы бузулуп топтолгон суулар жерди жеп жок кылып жатат
+2
lolo.1
2017-04-27 10:43:10
Ооо кудай озун сакта
+2
Amirov-kutman
2017-04-27 11:23:19
Чатырларды эл озудору эле тигип жашап жатышат МЧСтин чатыр тигип бергенин коргон жокбуз
0
baltabai
2017-04-27 13:20:50
Кочуп кеткиле
+1
admin_portal
2017-04-27 13:32:51
finalyear2014, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Khanbolot98
2017-04-27 16:11:46
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн элине эле кыйын болду. Көчүп кеткенге элге жер бериши керек, бир журт чогуу бир жерге көчкөнү жакшы.
+1
Amirov-kutman
2017-04-27 16:50:34
Khanbolot98,Жалпак Таш айыл окмотту Мамлекетке эн чон салык толоочу айыл окмоттордон сары таш кени менен азыр районго баруучу жол жок 3000 дей эл свет жок таза суу жок эл эптеп жашап жатышат элден кабар алган пенде деле жок!!
0
Khanbolot98
2017-04-30 14:04:31
Amirov-kutman, менда ушул айылдан болом:)
0
marmiladka9
2017-04-27 19:57:19
Кудай сактаса экен,
жамгыр жааган сайын безилдеп жашап калышты го
0
medik.osh
2017-04-27 20:45:22
Кудай сактасын, карапайым элге абдан эле кыйын болдуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан