Мындан 2 жыл мурун, 2015-жылы казак жана орус эстрада ырчысы, музыкант, саксофончу, композитор, акын Батырхан Шукенов жүрөк оорусунан улам өзүнүн Москвадагы батиринде каза болгон.
Ырчы менен анын Москвадагы күйөрмандары 28-апрель күнү Боткин атындагы оорукананын астынан коштошушкан. Андан кийин маркумду ырчынын агасы жана жакын достору учак менен Алматыга алып келип, 1-май күнү Казак улуттук филармониясында Батырхан Шукенов менен коштошуу зыйнаты өткөрүлгөн.
Ырчы 1962-жылы 18-майда Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында туулган. Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыккан. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга кирген. 1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен "Арай" тобун түзүшкөн. Аталган топ башында Роза Рымбаева менен чогуу иштечү. Кийин аталышын "Алма-Ата А`Cтудио", "А`Cтудио" деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү "Рождестводогу жолугушуулар" концерт-фестивалына катышууга чакырат. Ошондон тартып "А`Cтудио" тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Батырхан Шукенов аткарган. Анын "Нелюбимая" ("Сүйүктүү эмес"), "Жулия", "Белая река" ("Ак дарыя"), "Стоп, ночь" ("Токто, түн"), "Солдат любви" ("Сүйүү жоокери"), "Эти тёплые летние дни" ("Жайдын ушул жылуу күндөрү") сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт. 2000-жылы ырчы "мекениме кызмат кылуум керек" деп Алматыга кайтып, жеке ырчылыкты колго алган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.
Жеке жашоосу
Актёрдун биринчи жубайы Екатерина Шелякова аттуу айым болгон. Түгөйлөр көп убакыт бою балалуу боло албай жүрүп, акыры 2000-жылы уулдуу болушкан. Бирок ал жарык дүйнөгө келгенден 40 күндөн кийин көз жумган. 2002-жылы жубайлар Максут аттуу уулдуу болушкан. 2008-жылы Батырхан Шукенов өзүнөн 16 жаш кичүү Айгерим аттуу кызга баш кошкон. Бул никеси дагы көпкө узаган эмес.
28-апрелге карата жылнаама.