"Манас" эл аралык аба майданына жакын жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочулары жаан жааганына байланыштуу митингди токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Малика Усенбаева билдирди.
"Бүгүн эртең менен эл чогулуп баштаган эле. Бирок көпчүлүк бир чечимге келип митингди күн ачылганга чейин токтоттук. Анткени бул жолу учак кырсыгынан ден соолуктарынан зыян тартып, ошондой эле кооптонуп жаткан жашоочулар жаш балдары менен митингге чыгышат. Күн ачылса жалпы эл чогулуп кайрадан митингге чыгабыз", - деди Усенбаева.
Эске салсак, жергиликтүү тургундар түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, бүгүн тынчтык митингине чыгышмак. Кечээ, 27-апрелде Өкмөт авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына, жабыркагандардын эсебине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат которулганын билдирсе, айрым тургундар акчалай жардам которулбаганын айтышууда.