Жогорку сотто 7 сот оруну бош

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда 7 соттун орду бош. Мындай маалыматты бүгүн, 28-апрелде Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева "Сот тутумундагы ачык айкындуулук" деп аталган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сотто жалпысынан 35 соттун орду каралган.

"Учурда Жогорку сотто 28 сот иштеп жатат. Ал эми 7 орун бош. Бул орундарга адистерди табуу иштери каралууда", - дейт Токтошева.

Эскерте кетсек, бүгүнкү тегерек столго USAID-IDLO'нун КРдагы сот системин бекемдөө программасынын жетекчиси Фред Хьюстон, Гарри Лэдбет катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан