"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкүдөн 33 турак үй ээлери коопсуз жайга көчүрүлдү

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып 27-апрелге карата 180 метрге чейин жетип, турак үйлөргө 45 метр калган. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облустук башкармалыгынын башчысы, мониторинг департаментинин бөлүм башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 33 турак үй ээлери убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Анын ичинен 15 турак үйдүн тургундары ӨКМ тарабынан, айылдын жогору жагындагы “Жолборс-Үңкүр” участкасына орнотулган 15 даана чатырларга жайгаштырылган. Калган 18 турак жай ээлери туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлүп чыгарылган", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-апрелде окурман "Элдик кабар" рубрикасына жер көчкүнүн узундугу 500 метр экенин жазып, адистер бийиктигин аныктай албай жатышканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан