"Ата-Түрк" сейил багына фигураларынын бийиктиги 1 метр, салмагы 15 килограммга жеткен шахмат орнотулду

Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багына 27-апрелде фигураларынын бийиктиги 1 метр, салмагы 7 килограммдан 15 килограммга жеткен шахмат орнотулду. Бул тууралуу Жаштарды өнүктүрүү институту билдирет.

Шахматты жасаган Нурлан Бурбаевдин айтымында, тактайларды кесип жабыштырууга бир ай, ал эми фигураларды жасоого эки ай убакыт кеткен.

Шахмат аянтчасы жаңы муундун интеллектуалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында ачылган. Расмий ачылышынан кийин катышуучулар арасында мелдеш өткөрүлдү. Шаар тургундары сейил бакта шахматты күндүз акысыз ойной алышат. Түнкүсүн сейил бактын кызматкерлери жыйнап, жабык жайга киргизип коюшат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jamanjigit
2017-04-28 11:57:31
Түндө барып уурдап кетпесемби
-5
bond
2017-04-28 12:55:10
jamanjigit,уурдап барып бир жерине тыгасынбы.
+17
Leilektik
2017-04-28 14:41:21
bond,jamanjigit кыжырына тийетурган создорду коп жазат анын созуно конулда бурба ал ХХХ
+1
jaka92
2017-04-28 12:15:42
Муну дагы жон коюшпай уурдап,сындырышат.Ошондойго эле машпыз го. Бул дагы бироонун эмгеги
+3
ABDulHai
2017-04-28 12:32:23
Адам өзү кандай болсо башка бирөөнү да ошондой ойлойт
+2
Timon
2017-04-28 15:50:27
шахмат ойноп чарчадым десе ишенгидей элего эми..)) күнүнө бир саат ойносоң кечке жыргап уктайсыңго))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан