Бишкекте бала бакчанын тарбиялануучуларына кыйкырып, орой мамиле кылган кызматкер жумуштан алынды

Бишкектеги №142-бала бакчанын тарбиялануучуларына кыйкырып, орой мамиле кылган кызматкер жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде аталган бала бакчанын директору Раушана Абдулина SUPER.KG порталына кабарлады.

27-апрель күнү болгон окуя видеого тартылып, интернетке жайылып кеткен. Анда бала бакчанын кызматкери балдарга кыйкырып, айрымдарын жулкулдатып, суу сураган балага суу бербей, ордунан жылдырбай койгон. Раушана Абдулина видеодогу 19 жаштагы Батма Абылкасым кызы бүгүн, 28-апрелде өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.

"Ал ушул жылдын 2-февралында сыноо мөөнөтү менен тарбиячы Назира Мукашеванын жардамчысы болуп жумушка алынган. Сыноо мөөнөтү бүгүн бүтмөк. Анын мындай этикага туура келбеген, ырайымсыз аракет кыларын билген эмеспиз. Мындан улам ал сыноо мөөнөтүнөн өткөн жок. Өзү да, бул кесип менен иштей албай турганын айтып кетти. Окуя тарбиячы 15 мүнөткө ордунан басып кеткенде болуптур. Ага ал үчүн сөгүш берилди. Ата-энелер мага кайра-кайра чалып, балдары Назира Мукашевага көнүп калышканын айтып, кабатыр болуп жатышканын билдиришүүдө", - дейт директор.

Видеодогу тарбиялануучулар орто группанын балдары экени маалым болду.

Бишкектеги бала бакчада тарбиячы балдарга кыйкырып, мазактап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
MES
2017-04-28 14:47:03
Эмне улуту түркпү?
-3
ady-88
2017-04-28 14:50:30
Татар
-2
Birimdik5555
2017-04-28 16:03:04
Балдары биз эжекебизге конуп калдык деп айта албаса керек жон эле Назира Мукашеваны да кетирбесин деген ой да
+2
Birimdik5555
2017-04-28 16:07:51
Мен да садикке обед маалында барып калган элем бир тарбиячы эмнеге тошокту булгадын деп уйкусурап турган баланы чапкан куйругуна,ошондо интернет болгондо сразу тартып жонотмокмун аттин,сураныч нерви жукалар балдар бакчасында иштебей эле койгулачы
+2
33SUUN
2017-04-28 19:11:03
Бир эже кичинекей кызын жетелеп бара жатат.Кызы кыйкырып ыйлап алган.-Я не хочу туда!деп.Буларга деле кыйын болду байкуштарга.
+1
ayjan_90
2017-04-29 02:10:30
Жумуштан кетип эле кутулушат эмнеге жазага тартылбайт бакырып жатат чаап жатат минимум 3 жылга кесиш керек
0
Ajar812
2017-04-29 03:42:31
Камера койуш керек садиктерге ,ошон учун бала барбайм деп ыйлвйтда садике
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан