SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүктүүңүз баш тарт десе..." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Интернеттен баш тартып коё берем, "футболдон баш тарт" десе, "кечирип кой, чырагым" дешим мүмкүн".
"Интернеттен баш тартканды аябай чоң курмандык кылыпсыңар го. Жолдошум WhatsApp колдонбо дей берчү, өчүрүп да салган. Экөөбүз колдонбой эле коёлу деп көп айтты. "Сизди билбейм, бирок мен колдоном" дегем. Анан эң чоң курмандыгым докторантурадан баш тартканым болду. "Окубайсың" деп өкүрүп, бакырып уруша берди. Өзүм да кош бойлуу элем, макул болуп сынакка барбай койдум. Бирок аябай ичим ачышат. Кыялымдан баш тарттым".
"Туура, баарын аткара албайсың, мен да дипломумду курмандыкка чалдым, бирок жакында "интернет караба" деди, мунусун аткара албай жатам. Адам башка дүнүйө менен да азыктанып жүрүшү керек. Эгер жумушта болсом коллектив менен баарлашмакмын".
"Эмнеден баш тартуу керек жана анын себеби эмне экенинен көз каранды. Мисалы, аялы жолдошунун футбол көрүп эс алганды "өтө сүйөрүн" билет. Анысын жактырбаганы үчүн эле "баш тарт" дей бергени бул акылсыздык болуп калат. Себеби андан баш тарткан жолдошун футбол көргөндөгүдөй эс алдырып, черин жаза турган башка нерсе менен компенсациялоо керек, пайда болгон боштукту толтуруу керек болуп калат. Футболдун ордуна компьютер оюндарына өтүп кетсечи? Балык уулоого "кыйшайып" кетсечи? Эч нерсе футболдун ордун баспай, акырындап аялына болгон нааразылыгы топтоло берсе бул кимге зыян?"
"Жаным, даярдан, бүгүн жиндиканага текшерилгени барасың" деген сөз укмак".
"Баш тарткым келбейт. Эгер чындап жакшы көрсө, мен эмнени жакшы көрүп, жаман көргөндөрүмдү да кошо сүйүүсү керек".
"Негизи аял киши турмушка чыккандан кийин көп нерседен баш тартабыз. Канча сынактардан өтүп орношконубузга карабай сүйүктүү жумушубуздан, ата-эне, бир туугандардан алыс жашайбыз. Бирок сүйүктүүм эч нерседен баш тарт дей элек. Экөөбүздүн тең "оорубуз" бар, менде "Ферма", 4 жылдан бери ойнойм, анда "Танка". Мага зыяны тийбегендиктен эч нерсе дебейм, кечке иштеп чарчаса, көңүлүндөгүдөй эс ала берсин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.